Владимир Кара-Мурзанын кенжеси 2-февралда эртең менен ооруканга түшкөнүн жубайы билдирди. Анын абалы мындан эки жыл мурун ооруканага түшкөндөй экенин "кан басымы төмөндөп, деми кыстыгууда, дарыгерлер абалы оор" дешкенин аялы айтат. Кара-Мурза 2015-жылы 26-майда капысынан мына ушундай дартка чалдыгып, бир нече күн бою абалы оорлошуп эки ай Москва ооруканаларында, Вашингтондун жака-белинде дарыланган. Ал өзүн уулантылган деп эсептейт. Кара-Мурза Михаил Ходорковскийдин “Ачык Орусия” өкмөттүк эмес уюмунун координатору. Ал акыркы жумаларда Орусияны кыдырып, документалдык фильмдерди көрсөтүп, “Ачык Орусиянын”өкүлдөрү менен иштеген. (AiT)
Кремлдин сынчысы уулангандай симптом менен ооруканага түштү
Владимир Кара-Мурзанын кенжеси