Жалал-Абад милициясынын башчысы иштен алынды

Жеңишбек Жоробеков.

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Жоробеков иштен алынды. Мындай буйрукка ички иштер министри Улан Исраилов кол койгон. 

Ага чейин ИИМдин былтыркы жылдын жыйынтыгын талкуулаган коллегиясында Жоробековдун ишине карата сындар айтылган.

Жеңишбек Жоробеков облустук милицияны 2013-жылдан бери жетектеп келаткан. (BkA)