Бишкекте жардыргыч заттар табылды

Иллюстрация

Бишкекте жардыргыч заттар табылды. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, шаар тургундарынын биринен таштанды чогултуучу жайдын жанында кооптуу заттар жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция жана атайын кызматтын өкүлдөрү текшергенде алар окутууда пайдаланылуучу үч мина жана тапанча менен пулеметтун бош окчонтойлору экени аныкталган. Андан башка кооптуу зат табылган жок. (RK)