Быйыл жыл башына карата Кыргызстандын калкынын так саны 6 миллион 75 миңди түздү. Бул тууралуу ушу тапта Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
2015-жылы 5 миллион 957 миң болчу.
Тагыраак айтканда, бир жылда өлкөнүн калкы 118 миң адамга көбөйгөн.
Жалпы калктын 36% 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, 60% эмгекке жарамдуу катмар, ал эми 7% эмгекке жарамдуулуктан жогору курактагылар түзөт. (RK)