Берлинале кинофестивалы башталды

“Берлинале” кинофестивалы

Германиянын баш калаасында “Берлинале” кинофестивалы башталды. Ачылыш азем адаттагыдай эле Потсдамер-плацтагы театрда өтүп, ага калыстар, болочоктогу лауреаттар жана кадырлуу коноктор катышты.

Бул жолу калыстар тобун “Алтын глобустун” ээси, голландиялык режиссер Пол Верховен жетектейт. 67-жолу өткөрүлүп жаткан фестивалды француз режиссеру Этьен Комардын лөлү гитаристтин турмушун баяндаган "Джанго" аттуу дебюттук тасмасы ачты.

Атактуу Берлин кинофестивалына быйыл баш-аягы 400дөй тасма катышууда. Алардын арасында кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу фильми да бар. Жеңүүчүлөр 19-февралда жарыяланат.