Бухарестте өкмөткө каршы демонстрациялар уланууда

Бухаресттеги нааразылык, 12-февраль.

12-февралдын кечинде Румыниянын баш калаасы Бухарестте 70 миңдей адам нааразылык акциясына чыгып, кайрадан солчул өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырышты. Бул жолу алар мобилдик телефондорунун жардамы менен көк, сары, кызыл түстөгү румын желегин көргөзүштү. Өкмөткө каршы демонстрациялардын 13-күнүндө Бухарестен башка шаарларда да нааразылык акциялары өттү.

Румыниядагы элдик толкундоого Социал-демократтар партиясы кураган өкмөттүн айрым коррупциялык иштерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу чечими себеп болгон. Элдин талабынан кийин бул план артка чакырылганы менен демонстранттар премьер-министр Сорин Гриндяну баштаган кабинет мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылышууда. Өткөн аптада парламент өкмөт башчыны иштен кетирүүдөн баш тарткан.

Өкмөткө каршы демонстрацияларды президент Клаус Йоханнис да колдоп чыккан. Дем алыш күнү өкмөттү колдогон топтор президенттик имараттын алдында нааразылык билдирип чыгышты.

5-февралда Румынияда коммунизм кыйрагандан берки эң ири демонстрация өткөн. Анда баш-аягы 600 миң адам көчөгө чыккан эле.