Бишкектин айрым райондорунда он күндөй газ болбойт

Иллюстрация

Бишкектин айрым райондоруна 14-22-февраль аралыгында газ берүү токтотулат. “Газпром Кыргызстан” ишканасы бул жагдай оңдоп-түзөтүү иштерине байланыштуу экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Чоң Чүй каналы, Ак тилек, Карагач аймактарында, Саадаев, Мыскал, Сейил, Пригородная, Малышев, Күрөңкеев, Илий жана Беломор көчөлөрүндө "көгүлтүр от" болбойт.