Президент табигый кырсыктардын алдын алууну тапшырды

Боронов менен Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 14-февраль күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Кубатбек Боронов президентке Дача СУ айылындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары калкты ар кандай жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.

Мамлекет башчы табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн мониторингди кылдат жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бул максатта тиешелүү иштерди аткарууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.(ZKo)