КСДП депутаты Музаффар Исаковго кылмыш иши козголду

Музаффар Исаков.

 Кылмыш иши коррупцияга байланыштуу козголгонун Башкы прокуратура маалымдады. Ага ылайык, Музаффар Исаков Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган. Бул токтомдор аркылуу айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер жеке менчик турак-жай тургузууга берилген.

Текшерүү учурунда айрым жарандар жерлерди 1500-3000 доллардан сатып алганын айтып беришкен.

 Бул иш боюнча тергөө жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлдү.

 Музаффар Исаков Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп 2015-жылы июнь айында, мурунку депутат Ашэра Халикованын ордуна келген.(ZKo)