Укук коргоо органдары ортолук меморандум түзүштү

Иллюстративдик сүрөт.

Прокуратуранын жаза өтөөчү жайлардагы мыйзамды көзөмөлдөө бөлүмү, Акыйкатчы, Кыйноолорго жана зомбулукка каршы улуттук кыймыл менен Жаза аткаруу кызматы кызматташуу меморандум түзүштү.

Анда тараптар жабык жайлардагы адамдардын укугун коргоо боюнча биргелешип аракеттенүүнү чечишкен. Меморандумга ылайык, күтүүсүз текшерүүлөр чогуу жүргүзүлөт. Кыйноолорго жана зомбулуктарга каршы мыйзамдын аткарылуусуна бирге көзөмөл кылынат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Акыйкатчы институту жабык жайларда адам укуктары бузулган учурлар көп катталарын айтып келет. Өткөн жылы бир нече жолу Акыйкатчыны абакка текшерүүгө киргизбей коюп, ал прокуратурага кайрылууга аргасыз болгон.(ZKo)