Германиянын Бонн шаарында өтчү жолугушууда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматка киришкен соң орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен алгач ирет көрүшөт. Ошондой эле Дональд Трамп президенттикке киришкенден берки эки өлкөнүн жогору жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болот.
Жолугушуу өтөрүн тастыктаган Орусия тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова кандай маселелер талкууланарын тактаган жок. Захарова “АКШнын мурдагы администрациясы туңгуюкка кептеген эки тараптуу мамилени талкуулайт”, - деп гана билдирди.
Мындан сырткары бүгүн Бакуда АКШ Башкы штабынын Бирдиктүү жетекчилер комитетинин башчысы Жозеф Данфорд менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун жолугушуусу күтүлүүдө. Анда учурдагы америка-орус аскерий алакасынын маселелери талкууланат.