Талас-Суусамыр жолу жабык турат

Иллюстрация

Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Талас жолу жабык турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өтмөк ашуусуна жекшембиде кар көчкү түшкөнүн билдирди. Тазалоо жумуштарын Транспорт жана жолдор министрлиги жүргүзүүдө.

Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу ушул күндөрү Кыргызстандын бардык тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Адистер айдоочуларга жолго чыкпай турууну, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертишүүдө.  (AlS)