Сирияда төрт орус аскери мерт болду

Сириядагы орус аскерлери

Сириядагы Тияс аскердик базасы менен Хомс шаарын байланыштырган жолго коюлган минадан төрт орус аскери набыт болду. Окуя 16-февралда болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү жарыялады. Жардыруудан дагы эки орус жоокери жаракат алды.

Орусия бул армия кызматкерлерин Сирия күчтөрүнүн курамында аба базадан чыгып бараткан “аскердик кеңешчилер” деп мүнөздөдү.