Саламаттык сактоо министрин кетирүүнү талап кылгандардын митинги өтөт

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Митинг 22-февралда Ак үйдүн алдында өтөт. Акциянын уюштуруучулары медициналык академиянын клиникалык базалары “Ата-Түрк –Ала-Тоо” университетине берилип жатканына нааразы болушууда. Ошондой эле саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кадрдык саясатына нааразы болгондор анын кызматтан кетүүсүн талап кылышмакчы.

Нааразылык иш-чарасын “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси башында турган бир катар коомдук уюмдар уюштурууда.(ZKo)