Казакстанда изделип жаткан Израил жараны Бишкекте кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Израил жараны кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-февралда колго түшкөн шектүү Казакстандагы алдамчылык иштерге байланышы үчүн издөөгө алынган.

Свердлов райондук соту аны эки айга убактылуу кармоочу жайга камады. Бул аралыкта экстрадиция маселеси каралат. (SE)