Өзбекстан: Ташкент-Душанбе аба каттамы калыбына келтирилет

Өзбек бийлиги 25 жылдан бери токтоп турган каттам апрель айында калыбына келтирилерин билдирди.

"Өзбекстан аба жолдору" улуттук авикакомпаниясынын маалыматы боюнча, Ташкент-Душанбе каттамы 4-февралда жанданып, аптасына эки жолу учуп турат.

20-февралга белгиленген "Сомон эйрдин" учагынын Ташкентке учуусу капысынан токтотулган эле. Ага тажик тарап тийиштүү документтерди өз убагында Ташкентке бере албаганы себеп болгону айтылган.

Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда 1992-жылдан бери аба байланышы жок. Ал эки өлкөнүн чыңалган мамилесине байланыштуу болгон. Өткөн жылы Өзбекстанда Шавкат Мирзиеёвдин бийликке келиши менен эки өлкө мамилеси калыбына келе баштады. (AiT)