Швеция армияга чакырууну калыбына келтирет

Швеция армияда милдеттүү кызмат өтөөнү жайдан баштап кайра киргизээрин билдирди. Коргоо министри Петер Хультквист чечим азыркы учурдун глобалдуу проблемаларына жооп катары, өлкөнүн аскердик потенциалын көтөрүү үчүн кабыл алынганын билдирди. Швеция куралдуу күчтөрдө милдеттүү кызмат өтөөдөн 2010-жылы баш тарткан.

2-мартта өкмөт 1999-жылдан кийин туулган жарандарды 11 айга армияга чакырууну караган мыйзам долбоорун парлментке сунуш кылды. Депутаттар жобону колдошот деп күтүлүүдө.

Швеция НАТОго кирбейт, өлкө 1994-жылы Түндүк альянс менен "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына кол койгон. Түндүк Европада Швеция менен Финляндия гана НАТОго кирбейт, бирок Орусиянын аскердик активдүүлүгү өскөнү АКШ менен аскерий кызматташтыкты күчөтүштү.