Трамп иммиграция боюнча жаңы буйрукка кол коет

Ак үйдүн маалымат кызматынын билдиришинче, бүгүн президент Дональд Трамп бир катар мусулман өлкөлөрдөн жарандардын АКШга келишине убактылуу тыюу салган жаңы жарлыгын чыгарат. Биринчи жарлыкты Конституцияга каршы келет деп сот жокко чыгарган эле.

Трамптын кеңешчиси Келли Конвэй "Фокс ньюс" телеканалына миграция боюнча жаңы жарлыкка 6-мартта кол коюларын ырастаган. Ал жаңы жарлык 16-марттан тарта күчүнө кирерин жана мурдагыга караганда тагыраак экенин белгилеген. Ошондой эле АКШда туруктуу жашаган адамдарга тийиштүү болбой турганын кошумчалаган.

Дональд Трамп 27-январда миграция боюнча жарлык чыгарып, анда жети мусулман өлкөсүнөн мигранттардын келишине 90 күнгө, качкындарды кабыл алууга 120 күнгө чектөө киргизген. Бирок ал жарлык сот тарабынан токтотулган. (AiT)