Кырсыктан жабыркагандарга "Элим, барсыңбы?" фонду 2 млн сом чогултту

Авиакырсык.

Каражат кайрымдуулук концерти жана башка иш-чаралардын негизинде ишкерлердин жардамы менен чогулду. Чогулган каражат Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 10-мартта берилет.

"Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун төрагасы Хабиб Арзыкуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, каражат учак кырсыгында жакындарынан ажыраган 13 үй-бүлөнүн 35 мүчөсүнө тең бөлүнүп берилет. 

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 39 киши набыт болгон. Алардын 35и жергиликтүү тургундар. Арасында балдар бар. (ZKo)