Батумидеги башаламандыкка катышкан 40 адам камакка алынды

Башаламандыктар ишемби күнү кечинде шаар борборунда башталган.

Өткөн түнү орун алган Батумидеги башаламандыктар боюнча 40 адам камакка алынды. Грузин Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 30 адам, анын ичинде 15 полициячы ар кыл жаракат алды.

Башаламандыктар ишемби күнү кечинде шаар борборунда башталган. Анда Патрулдук милицияга баш ийбеген айдоочунун каршылыгынан улам жаңжал чыккан. Жаңжалга катышкан алты адам камакка алынган.

Мындан соң кармалгандардын жакындары жергиликтүү полициянын имаратынын алдына тортолуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Бир нече миңге жеткен адамдар тобу полиция имаратын таш бараңга алып, кызматтык унааларын өрттөй башташкан.

Полициянын атайын бөлүктөрү көздөн жаш агызчу газ жана резина окторду колдонгондо чогулгандар шаардагы дүкөндөрдүн терезелерин талкалашкан. Жыйынтыгында башаламандык түнү бою уланган.

Батумиге өлкөнүн ички иштер министри Георгий Мгебришвили келип, башаламандыкты уюштургандарды жазалоого убада берди. Ошондой эле министр жергиликтүү эл талап кылган полиция бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетпей турганын жарыялады.

Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили окуялардан кийин теле аркылуу элге кайрылып, тынчтыкты сактоого чакырды.

Батуми Грузиянын курамындагы Аджариянын борбору, өлкөдөгү экинчи чоң жана курорттук шаар.