Тумар ханыша көрүүчүлөрдү толкундантты

Спектаклдин өзөгүндө адам коомундагы баатырдык, даанышмандык, ачкөздүк, өзүмчүлдүк, чыккынчылык, сүйүү жана жек көрүү сыяктуу эзелтен бүтпөй келаткан түбөлүктүү темалар камтылган.
 

Ханышанын кеңешчиси, акын-даанышмандын ролун Табылды Актанов ойноду.

Башкы каарман - Тумар ханышанын улгайган курагын Эл артисти Тынара Абдразаева аткарды. 

Чыгарманын башталышында, чиеленишинде, кульминациялык чегинде жана чечилишинде өтө татаал окуялар камтылган.
 

Рустамга ашык болгон ханайым анын Тумар ханышага барышына каршы эле.   
 

Рустамды Тумар ханышага бараткан жолунан кайтаргысы келген махабат азгырыгы.  
 

 Драматург Султан Раев: "Бул тарыхый, татаал спектакль менен Кыргыз улуттук академиялык драма театры өзүнүн чыныгы дараметин көрсөттү" деп баа берди. 

Томирис бой жеткен соң тиграхаудтардын баатыры Рустамга турмушка чыгууга макул болгон. Бирок ал ортодо ханыша айым менен кол алдындагы жоокер Бактиярдын ортосунда махабат оту жанды.
 

Байыркы жазмаларда Томирис деген ат менен калган Тумар ханыша V кылымдарда жашап өткөнү жазылган.

Тарых барактарында ал Орто Азия аймагында жашаган байыркы сактардын баатыр кызы, падышасы катары калган.      

 Драмада автор Тумар ханышаны кыргыз дүйнө таанымына жуурулуштуруп, мекенчилдик темасына басым жасаган. 

Драмада автор Тумар ханышаны кыргыз дүйнө таанымына жуурулуштуруп, мекенчилдик темасына басым жасаган. 
 

Бирок Тумарга арзуусун арнаган Бактияр ханышага карасанатайлык кылды. Кир менен болгон согушта Бактияр Тумарды жалгыз калтырып, бийлигин тартып алуу үчүн Рустам менен кошо ханышанын уулунун көзүн тазалады.

Тумар ханышага темир калка болуп турган баатыр Рустамдын көзүн тазалоо үчүн кутум уюшула баштады.  

Ички душмандар Рустамды Бактиярдын колу менен жок кылууну көздөштү.

Кутумчулар бойго жеткен кыздарын да душманына курал катары колдонууга даяр эле. 

Тумар ханыша баскынчылар менен болгон салгылашта аскер башчысы Рустамдан жана өзүнүн жалгыз уулу Спаргапистен айрылат.  

Режиссер Нурлан Асанбеков Томирис тууралуу кошуна өлкөлөрдүн театрлары да бир нече жолу спектакль койгонун, бирок алардын ичинен бул спектакль жергиликтүү көрүүчүлөрдү өзүнө тарта алганын айтты.

Театрга келген көрүүчүлөрдүн бири, Жогорку окуу жайдын окутуучусу Айбек Түмөнбаев ушул пьеса улуттук академиялык драма театрындагы жаңы баскычтагы спектакль болду деп эсептейт.
 

 Тумар ханышанын жаш курагын Айсалкын Кыйыкбаева ойноду.  

 Спекталди койгон режиссер – Марат Козукеев.

 “Тумар ханышанын” бет ачары 14-мартта башталган. Драманын авторунун айтымында, спектакль үч күн бою аншлаг менен өттү.