Британиянын легендарлуу ырчысы Вера Линн 100 жашын белгилөөдө

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда фронттогу аскерлердин алдында ырдап таанылган ырчы 20-мартта бир кылымдык мааракесин белгиледи. Анын туулган күнүнө карата ырчынын жаш кездеги сүрөтү Дуврдун ак аскасына түшүрүлдү. 

Үч күн мурун анын "Вера Линн-100" деп аталган жаңы альбому жарык көргөн. 

Ырчынын негизги хит ырларынын бири "Дуврдын ак аскалары" деп аталып, Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийин кеңири белгилүү болгон. 

2009-жылы Линндин магнитальбому британ рейтингинде улгайган ырчылардын арасында биринчи орунду алган.