“Хизб-ут Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсүн кармады. Милиция менен биргеликте жүргүзүлгөн операцияда 1982-жылы туулган У.Д. аттуу адам кармалганы айтылат.

Күч кызматкерлери кармалган адамдын үйүн тинтүүгө алганда экстремисттик маанайдагы материалдар, чет өлкөлүк адамга таандык документтер табылган. Учурда ал тергөө абагына камалган. (SDz)