Жалал-Абад шаардык кеңеши өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары бүгүнкү сессияда мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды. Бул демилгени 23 депутат колдоп берди. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 39-беренесине ылайык, депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу менен өзүн-өзү таратса болот. 
Шаардык кеңештин бул чечими эми БШКга жөнөтүлөт. 

Кечээ 29-мартта шаардык кеңештеги беш фракциянын өкүлдөрү жабык эшик артында сүйлөшүп, мөөнөтүнөн мурда тароо чечимине келишкен. Сунушту "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" фракциялары демилгелеген.  Бирок бүгүнкү жыйынга "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары катышкан жок. 

Аталган шаардык кеңеште буга чейин КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика - Ата-Журт" фракцияларынан коалиция түзүлгөн. Ал эми "Ата-Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозицияда калган. 

Алгачкы сессия 16-февралда өткөнүнө карабай, депутаттар жыйындарга чогулган эмес. (RsK)