Бишкек мэриясы эртең ишембилик өтөөрүн жарыялады

1-апрелде Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт. Иш-чарада арык, каналдарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Буйрукка ылайык райондук акимиатка чарбачылык субъект, уюм жана мекемелерге тазалоочу аймактарды бөлүштүрүү каралды.

Ишембиликке байланыштуу шаардык мэрия бардык жарандарды иштеген кызматына карабай айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасына жигердүү катышып берүүсүн өтүнүүдө.

13-мартта мэр Албек Ибраимов 18-марттан 22-апрелге чейин ишембилик айлыгын жарыялаган. Бирок жаанчыл аба ырайынан улам 18-марттагы ишембилик башка күнгө жылган. (SDz)