Кыргызстандык иллюзионист Радислав Сафиндин эмгегин Амстердамдагы Rijksmuseum көркөм музейи ТОП-30 рейтингиндеги мыктыларынын катарына киргизди.
Сафиндин басма сөз катчысы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, аталган музей 2017-жылдын башындагы эң мыкты өнөрлөрдү топтоп, рейтинг чыгарган. Мыктылар 2 600 эмгектин ичинен тандалган.
Rijksmuseum көркөм музейи кишилер эң көп барган маданий жай болуп саналат. Жакын арада Радислаф Сафин Европанын бир катар өлкөлөрүндө өнөр тартууламакчы. (SE)