Атамбаев президент болом дегендерге кайрылды

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка ат салышууга камынып жаткандарга кайрылып, Кыргызстандык эгемендигин коргоого чакырды. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында "Атамбаев мураскер даярдоодо" деген божомолду четке кагып, "мага мени коргой тургай мураскердин кереги жок",- деп билдирди.

- Бүгүн ушул жерде президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок унутпагыла, бийликтин булагы - эл. Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула. Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула! - деди Атамбаев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күздө өтөт. Азырынча талапкер катары Темир Сариевдин, Бакыт Төрөбаевдин жана Өмүрбек Бабановдун, Өмүрбек Текебаевдин аты аталууда. (SE)