Кыргызстанда ушул күндөрү абанын табы төмөндөп, жаан-чачын көп болот. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай кырдаал бүчүр байлаган мөмө бактар үчүн кооптуу.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине оорчулук келтирип, жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот жана кар көчкү түшүү коркунучу бар.
7-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр, кар жайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+11,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз +5...+10,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус болот.