Жалал-Абадда апрель окуясында курман болгондор эскерилди

Жалал-Абаддагы эскерүү

Жалал-Абадда апрель ыңкылабында курман болгондор борбордук аянтта эскерилди.

2005-жылдагы 24-март элдик революция күнүнө карата орнотулган эстеликке 2010-жылда апрель окуясына катышып, курман болгон жалалабаддык тогуз адамдын сүрөтү коюлду.

Эскерүүгө облустук жана шаардык жетекчилер менен катар мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышып, гүлчамбар алып барып, куран окушту.

Ушул тапта концерттик программа да тартууланып жатат. Төңкөрүш катышуучуларына сый-тамак да берилерин жергиликтүү бийлик кабарлаган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевди тактыдан кулаткан Апрель ыңкылабында токсонго чамалуу адам окко учкан. Эскерүүлөр бүгүн Бишкекте жана башка аймактарда өтүп жатат. (RsK)