Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилүүдө

10-апрелден тартып Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 120-чакырымында таш түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу жол 17-апрелге чейин саат 9дан 15.00гө чейин убактылуу жабык болот.

Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Капчыгайлардагы кооптуу участкаларда былтыртан бери бир нече жолу таш кулаган. (NT)