Мектепте кыргыз тилин окутуу маселеси талкууланып жатат

Бишкекте "Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар" аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.

Илимий жыйында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиясы, жаңы технологиялары, практикалык маселелери, "Кыргызтест": мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тест жыйынтыктары" жана башка темалар талкууланып жатат.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү мектептин тажрыйбалуу мугалимдери, жогорку окуу жайларынын жана тил үйрөтүү борборлорунун окутуучулары даярдаган практикалык иштер менен уланат.

Конференцияны Кыргызстандын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган. (ZA)