Германия министри мамилеси чыңалган Балкан өлкөлөрүнө барат

Зигмар Габриэль

12-апрелде Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Сербия-Косово ортосунда өрчүп бараткан чыңалууну талкуулоо үчүн аталган мамлекеттерге барат. 

- Өткөн убактагы айрым жаралар дале терең экенин жана ал чыңалууну жаратып жатканын көрүп жатабыз, - деди Габриэль Белградга жөнөөрдүн алдында.

Көбүнесе этникалык албандар жашаган Косово 1998-99-жылкы согуш учурунда Сербиядан бөлүнүп, 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны 114 өлкө тааныйт. Белград тааныган эмес.

Ошондон бери чыңалуу жазылбай келет. Азыр Сербия Евробиримдикке талапкер, ал эми Косово потенциалдуу талапкер макамында. 

Габриэль 16-апрелде бара турган Албания, Македония дагы талапкер. Босния потенциалдуу талапкер. 

- Кесиптештеримди ишендирип кетейин - эгер сиздер бөлүнүү менен сенектиктин ордуна реформаларды тандасаңыздар Евробиримдикке жол ачык, -  деди немис министри.