Шашылыш эскертүү
16-17-19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо, 17-19-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23;
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 14...19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5.
16-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болот.