Өзгөндө 23 үйдү сел каптады

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында 19-апрелде таңга жуук 23 үйдү суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел мал-жандыктарды да агызып кеткен. Жамгырдан улам айылдагы Жылан-Сай каналына таштанды толуп, суу ага батпай ташыган. Жабыркагандар жок.

Куткаруучулар жеринде иштеп жатышат. Азыр сайдагы суунун деңгээли азайганы кабарланды.

Апрель айында жаанчыл аба ырайына байланыштуу Кыргызстанда көчкү, сел коркунучтары сакталууда. (NT)