Казакстандын Актөбө облусунда суу ташкын коркунучу сакталууда

Актөбөдөгү суу каптоо.

Казакстандын Актөбө облусунда суу ташкын коркунучу сакталууда. «Казгидромет» дарыялардын деңгээли дагы көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жатат. Облустук өзгөчө кырдаалдар мекемеси акыркы суткада Каргалы дарыясы нугунан чыгып, жээгиндеги Кенес, Нокин, Садовое айылдарында 400гө жакын адам башка жакка көчүрүлгөнүн кабарлады.

Садовое айылын шейшемби түнү суу каптай баштады. Айыл тургундары балдарын жана документтерин коопсуз жайга алып барып, кооптонуу менен таң атырганын айтышууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Садовое жана Нефтяник айылдарында 47 үйдү жана бир нече короо-жайды суу каптаган.

Ушундай эле кырдаал учурда Акмоло, Актөбө, Караганда, Костанай жана Түштүк Казакстан облустарында да байкалууда.