Ошто мечит кызматкерлери эсеп-кысап чыгарууну окуп жатышат

"Сулайман-Тоо" мечити.

Ош шаарындагы мечиттердин кызматкерлери ибадатканалардагы эсеп-кысап иштерин жакшыртуу жаатында билимин өркүндөтүп жатышат.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, "Сулайман Тоо" мечитинин жыйындар залында шаардык казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Жанарбек Матиев аларга мүлктөрдү каттоо жана сактоонун жол-жоболорун, инвентаризациялоо иштерин үйрөтүүдө. 

Мечитке келген садаканы шарият көрсөткөн тартипте жумшоо жана сарптоо боюнча маалыматтар берилди. Андан тышкары, казыяттын Ак-Буура батыш жана Чыгыш бөлүмүнүн баш имам-хатибдери жоопкерчилик жаатында сабак өтүштү.

Ош шаарында 59 мечит бар. (SE)