Чотоновдун камактагы мөөнөтү бир айга узартылды

Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери аны бошотуу талабы менен акцияларды уюштуруп келүүдө.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишине тиешеси бар деп кармалган Дүйшөнкул Чотоновдун абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Бул тууралуу партиянын юристи Канат Азиз "Азаттык" радиосуна билдирди. Расмий тарап азырынча маалыматты бышыктай элек. Сот ишти ушул тапта мурдагы Аскер сотунун имаратында карап жатат.

Сот Текебаевдин ишин да карап жатат. Азырынча чечим чыга элек.

Экөөнүн камактагы мөөнөтү 25-апрелде аяктайт. Адвокаттардын билдиришинче, алардын мындан кийинки баш коргоо чарасы 25-апрелге чейин аныкталууга тийиш. УКМК тергөөчүлөрү эки саясатчыга байланышкан документтерди Биринчи Май райондук сотуна 20-апрелде бергени белгилүү болду. Атайын кызмат сотко кандай сунуштама жибергени, азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарда алардын камактагы мөөнөтү узартылары айтылган.

21-апрелде тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча акыркы айыбы угузулду.

Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн маалыматына ылайык, быйыл 25-февралда Башкы прокуратура Текебаевге жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция), 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-жана 3-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев жана Чотонов кармалган. 27-февралда аларга коррупция боюнча айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Текебаев менен Чотоновду бошотууну талап кылган тарапкерлери азыр Аскер сотунун алдына турушат. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун жана Ак үй алдында акция өткөрүшкөн. (SE)