Бишкекте үч эм төрөлдү

Бүгүн Бишкекте үч эм төрөлдү. №4-төрөт үйүндө шаардын 34 жаштагы тургуну Аида Батыралиева бир кыз, эки уулду болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кесардык операция жолу менен төрөлгөн ымыркайлардын салмагы 1600 граммдын тегерегинде.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, Аида Батыралиева төрөт үйүнө 24-апрелде "Экстракорпоралдык уруктандыруу, кош бойлуулуктун 31-32-аптасы" деген диагноз менен жаткырылган.

Энесинин да, азырынча реанимацияда жаткан ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык. (RK)