Бишкекте 24 өлкөнүн маданият форуму ачылды

Бишкекте биринчи маданият форуму өтүүдө. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн ачылыш салтанатына президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов катышты.

2-майга чейин улана турган маданий иш-чарага 24 өлкөдөн келген 60 адам катышууда.

Максат - эл аралык уюмдар жана дүйнө элдеринин маданияты алдында кыргыз маданиятын таанытуу жана ортодогу маданий диалогду бекемдөө.