Келечек ресурстарын өнүктүрүү маселеси талкууланууда

Кыргызстан жаштардын техникалык билим берүүсүнө көбүрөөк көңүл бурушу зарыл. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан: келечек ресурстары" деген форумда сүйлөп жатып Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

- Бизге маалыматтык технологиялар тармагын кеңейткен билим берүү программалары керек. Эгер 50 миң IT адис даярдасак бул тармак улуттук экономиканын реалдуу кыймылдаткычы болот эле, - деди төрага.

Бүгүнкү талкууну Өнүгүү программаларын колдоо фонду менен бирге бир катар уюмдар өткөрүүдө. Ага парламент, өкмөт өкүлдөрү жана эл аралык, бейөкмөт уюмдары катышууда. (RK)