Парламентте жолдордун абалы жана жол коопсуздугу маселеси каралат

Жол оңдоо.

Жогорку Кеңеште бүгүн, 2-майда өкмөттүн жолдорду оңдоо, унаа кырсыктарын азайтуу жаатындагы иши талкууга алынат.

Маселе Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралып, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов баяндама жасашат.

Жыйында Ош-Баткен-Исфана, Ноокат - Көк-Талаа, Бишкек-Кара-Балта, Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата – Корумду жана Жалал-Абад-Маданият жолдорунун оңдоо иштери жөнүндө да маалымат берилет.

Кыргызстанда жолдордун абалынын начардыгы жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өкмөттүн дарегине көп сын айтылып келет.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анданн 148 адам каза тапты. 1686 киши ар кандай жараат алган. (SE)