Президент көчкүдөн жабыркагандарга акчалай жардам берди

Жер көчкүдө жакындарынан айрылгандар. Аюу айылы. 2-май, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкү алдында калгандардын жакындарына материалдык жардам көрсөттү.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаевдин буйругу менен мамлекет башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондунан жети жүз миң сом бөлүндү. Көчкү басып калган жети үй-бүлөнүн жакындарына 100 миң сомдон берилет.

29-апрелде Зергер айыл аймагындагы Аюу кыштагында тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Алардын үчөөнүн гана сөөгү табылды.