Аюу-Сайда көчкү алдында калгандарды издөө иштери улантылат

Аюу-Сай айылы.

Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү басып калган адамдарга жаназа окулганына карабай издөө иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.

29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Үчөөнүн сөөгү 30-апрелде, эки кишинин денеси 2-майда табылган.

Топурактын көлөмү чоң болуп, издөө иштеринде кыйынчылык жаралгандыктан Аалымдар кеңеши кырсык баскан жерди мүрзөгө айлантып, казуу иштерин токтотуу боюнча фатва чыгарган. 2-май күнү муфтият өкүлдөрү тургундарга ал чечимди түшүндүрүп, топурак алдында калгандарга жаназа окулган. Ага карабай айыл тургундарынын суранычы менен сөөктөрдү издөө иштери улантылып жатат.