Фейсбук зомбулукту чагылдырган видеолорго каршы күрөшөт

Фейсбуктун башчысы Марк Цукерберг.

Фейсбук социалдык тармагы сайттагы зордук-зомбулукту чагылдырган видеолорду ыкчам өчүрүү үчүн дүйнө жүзү боюнча үч миңдей кызматкерди ишке алат.

"Биз колдонуучулардын бири-бирине жана өздөрүнө кол салган, зордук-зомбулукту чагылдырган видеолорду түз ободо же андан кийин койгондоруна күбө болдук. Бул абдан кейиштүү көрүнүш, ошол себептен мен бул нерсени чечүүнүн жана коомго пайда алып келүү жагын ойлондум"-деп жазды өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Фейсбуктун башчысы Марк Цукерберг.

Бир жума мурда тай улутундагы киши өз өмүрүнө кол салар алдында ымыркайын өлтүргөнүн түз ободо видео аркылуу чагылдырган. Андан мурда Кошмо Штаттарда да бир адам түз ободо өзүн атып өлтүргөн. Бул окуялар коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Зомбулукту чагылдырган видеолорду "Фейсбуктун" администрациясы бир күндөн кийин гана өчүргөн. Цукерберг бул тенденцияны токтотуу жана алдын алуу үчүн көбүрөөк эмгек керектигин мойнуна алды.

Буга чейин "Фейсбуктун" байкоо салуу тобунда 4500дөй адам иштеп келген.