5-майдын аба ырайы

Кыргызстан.

Кыргызстанда 5-майда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8...13 , күндүз 22...27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Баткен дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте 4-майда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 25...27 градус ысык болот.

8-майга чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-128, 132-136 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 222-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу), Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 60-68 чакырымдарында (Барскоон жана Сөөк ашууларында) күрткү болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.