Алыкулдун үй-музейи оңдоого муктаж

Алыкулдун үй-музейи.

Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейи тез аранын ичинде оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат.

Акындын үйү акыркы жолу мындан он жети жыл мурун оңдотулган. Кийинки жылдары тамдын чатырынан жаан өтүп, шыбынын айрым жерлери түшүп, полу чирий баштаган. Ага күбө болгон жаштардын ыктыярчылар тобу жаз алды менен үйдү оңдоп-түзөө боюнча демилге көтөрүп келет.

"Алыкул үйү- борбору" коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаев "Азаттык" үналгысына акындын үйүнүн урап бараткан жерлерин көрсөтүп жүрдү:

- Негизи мындан үч-төрт жыл мурда эле чатырынан суу ага баштаган. Үстүндөгү тунуке да эски болчу. Аны мен Токмоктогу уй сарайдын үстүнөн алып келгем. Бул үй өзү 1941-жылы курулган. Акыркы жолу 2000-жылы оңдолгон. Азыр кээ бир куруучулар үйдү оңой эле калыбына келтирсе болорун айтып жатышат. Анткен менен бир жолу сапаттуу ремонт жасап койбосо жылдан жылга керектен чыгып баратат. Жел кубары жок болгондуктан полдун алдынан ным урат. Тактайлар сына баштады. Келген адамдар бутун кокустатып албасын деп алдына кошумча тактай төшөп койдум. Ал эми бул жеринде болсо дубал көчүп жатат. Эми муну адистер жакшылап, эрежесине ылайыктап кайра шыбап койсо тура берсе керек.

Казыбаев буга чейин музейди жаңылоо боюнча тиешелүү мекемелерге бир нече жолу кайрылганын, тилекке каршы эч кандай жооп болбогонун кыстарды. Эми ал акындын үйүн калыбына келтирүүдө жеке демөөрчүлөргө гана үмүт артарын айтат.

Алыкулдун үй-музейинде учурда эки миңден ашык экспонат бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбайт. Чатырдан өткөн тамчы, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштады.

Алыкул Осмонов.

Жыл башында улуу акындын үйү мындай абалда экенине күбө болгон жаштардын демилгелүү тобу музейди калыбына келтирүүгө бел байлаган. Демилгечилердин бири, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттер кеңешинин төрагасы Залкар Аманов учурда жаштар коомчулукка кайрылып каражат топтоп жатканын айтууда:

- Бул долбоорго жалпы жонунан 350 миң сом кетет экен. Жакшылап смета түзүп, эсептеп чыктык. Эң биринчи оңдой турган жери - бул үйдүн чатыры. Себеби жамгыр, кар жааганда суу өтүп, ал полго түшөт экен. Учурда пол чирип, жараксыз абалга келген. Өзүңүз көргөндөй, дубал да көчө баштаган. Долбоор боюнча үй кайра жасалганда эски калыбын жоготпойт. Үй мурда кандай болсо ошол боюнча оңдоп-түзөлөт.

Жаштар бул демилге менен жыл башынан бери он бештей курулуш компанияларына, колунда бар адамдарга кайрылып көрүшкөнүн, алардын ичинен бир гана - "Эмарк-Строй" компаниясынан оң жооп алышканын кошумчалашты.

Залкар мындан сырткары жаштар акындын короосун иретке келтирүүнү да ойлонуп коюшканын айтты:

- Бул жердеги таман таштар алынып, тиги жакка коюлат. Ал эми бул жерге Алыкулдун ырларын окуп отура турган эс алуучу жай курулат. Ал эми тиги жердеги боз үй бүтүрүлүп, ичине Алыкулдун 3D форматында сүрөттөрү түшүрүлөт. Мындан сырткары азыр сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, боз үйгө Осмоновдун стринг-арт жанрында сүрөтү тартылат.

Демилгечи топ каражат табуу максатында учурда "Алыкул-ашар" акциясын уюштуруп, "Элсомдон" да акча топтоп жатат. Ага улай май айынын этегинде кайрымдуулук концертин өткөрмөк болушкан.

Алыкул Осмонов бул үйдү 1945-жылы сатып алган. 1950-жылы сөөгү ушул үйдөн чыккан. 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Ал жерде акындын кол жазмалары, китептери, сүрөттөрү, буюмдары сакталып турат.

Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында көзү өткөн. Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган. Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.

Алыкулдун үй-музейиннин дареги: Бишкек шаары, Сокулук көчөсү, №10 үй

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.