Дональд Трамп ЕБ лидерлери менен жолугат

Дональд Трамп АКШ президенти катары чет өлкөгө алгачкы сапары учурунда Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен кездешет. Жолугушуулар ушул айдын аягына же 25-майга мерчемделгенин жума күнү ЕБден ырасташты.

25-майда Брюсселде НАТОнун саммити да болот.

АКШ президенти мурда Британиядан соң ЕБден башка өлкөлөр да кетерин болжолдоо менен биримдиктин лидерлерин кыжалат кылган эле. Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер буга тамаша иретинде жооп берип, эгер Трамп Брекситти колдой берсе, ал АКШнын штаттарынын көз карандысыздык кыймылдарын колдоого даярдыгын билдирген.

Бирок АКШ президенти жакындан бери Евробиримдикти кубаттоодо.

Ал өткөн айда британдык Financial Times гезити менен маегинде ал Брексит «Британияга да, биримдикке да жакшы» деп ырастаганы менен, азыр ЕБ чогуу-чараан аракеттенип жатат деген ойдо экенин айткан. (UE)