Өзбекстанда картошканын баасы кескин кымбаттады

Анжиянда тургундар картошка үчүн кезекте турушат.

Соңку эки айда Өзбекстанда картошканын баасы дээрлик төрт эсе кымбаттады. “Азаттыктын” өзбек кызматы жергиликтүү базарда картошканын 1 килограммы 7-8 миң сумга (1 долларга) чыкканын жазды. Өзбекстандын айрым облустарында жергиликтүү бийликтер атайын көчмө дүкөндөрдү уюштурган. Андан тургундар картошканы салыштырмалуу арзанырак сатып алышат. Бирок эл бийликтин бул кадамы баанын өсүшүн токтото албай жатканын айтышууда. Ошондой эле көчмө дүкөндөрдө бир кишиге 3-5 килодон ашык картошка сатылбай жатканын тургундар билдиришкен.

Кыргызстанда картошка 35-40 сомдон сатылууда. (КЕ)