Жеңиш майрамына карата сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Мэриядан кабарлашкандай, ага түрдүү авторлор ар кайсы жылдары тарткан 100 сүрөт коюлду.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. (RK)