Немис канцлери Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы жекшембиде Германиянын түндүгүндөгү Шлезвиг-Гольштейн аймагында өткөн шайлоодо жеңип чыкты. Бул шайлоо Меркелдин 24-сентябрдагы жалпы парламенттик шайлоону утуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты.
Дүйшөмбүдө жарыяланган алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Христиан-демократтар партиясы добуштардын 32 пайызын, Меркелдин атаандашы Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы 27 пайызын алды. Бул аймакты беш жылдан бери башкарып келген социал-демократтар үчүн ири жеңилүү болуп калды.
Миграцияга каршы чыккан жана Орусияны жактаган "Германия үчүн альтернатива" партиясы болсо беш пайыздык чектен өтүп, биринчи жолу аймактын мыйзам чыгаруу мекемесинде мандатка ээ болду.